Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

“Алай” командасы менен бахрейндик футболчулар беттешет


Бүгүн Оштун “Алай” футбол командасы Бахрейндин “Ал-Риффа” командасы менен беттешет. Оюн саат 14:00дө Ош шаарынын Сүйүмбаев атындагы футбол талаасында башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” "Алай” командасынын жетекчиси Нурдин Сматов билдирди. Беттешке таиланддык адистер калыстык кылат. Оюн Азия футбол федерациясынын кубогунун алкагында өтөт.

25-февраль күнү бахрейндик спортчулар Оштогу стадион эл аралык нормаларга жооп бербей турганын айтып, алдыдагы оюн талаптагыдай болбой турганын белгилешкен. “Алай” командасынын жетекчилиги стадиондун шарты жакшы экенин айтууда.

Ош шаарынын “Алай” командасы өткөн жылы Кыргызстандын чемпиону болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG