Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

УКМК: Чоң-Алайдын РЭС башчысы пара менен кармалды


Оштун Чоң-Алай райондук электр ишканасынын башчысы УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу аталган комитеттен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кармалган жаран өз ишиндеги мыйзам бузууларды жашыруу үчүн Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерине пара берүүгө аракет кылган. Ага карата Кылмыш кодексинин “Пара берүү” беренеси боюнча иши козголуп, үй камагына алынды. (BkA)

XS
SM
MD
LG