Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:54

Укук коргоочулар уйгур профессорун камаган Кытайды айыптоодо


Бейжин университетинин экономика боюнча профессору Илхам Тохти өткөн айда “сепаратизм” үчүн күнөөлөнүп камалган, бирок ага үй-бүлөсү менен байланышууга укук берилген эмес. Азыр профессор каерде экени белгисиз. Тохти – Кытайдын Шиңжаң уйгур автономиясындагы саясатынын негизги сынчыларынын бири катары белгилүү. Расмий Бейжин бул региондо мусулман уйгурлардын арасында террористтик топтор көз карандысыздык каалашат деп эсептейт. Уйгурлардын дүйнөлүк конгресси эл аралык коомчулукка кайрылуусунда “Кытайдагы абалга көз салып, илимпозду бошотуш үчүн” чара көрүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG