Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:49

Керри Орусияны аскерий кийлигишүүдөн оолак болууга чакырды


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри эгер Орусия Украинага аскерий кийлигишүү жасаса, ал “олуттуу ката” болоорун эскертти. Керри шаршемби күнү Вашингтондо сүйлөп жатып Орусия буга чейин Ливия, Сирия жана башка жерлердеги коогалаңдарга аскерий кийлигишпөөгө чакырып келгенин белгиледи жана “Украинага карата мамилесинде дагы ошол эскертүүлөрдү эске алуу өтө маанилүү” экенин айтты.

Орусиянын Кара деңиз аскер күчтөрү Украинанын Севастополь шаарында жайгашкан.

Керри кошумчалагандай, АКШ жаңы украин өкмөтүнө 1 миллиард доллар насыя чегерүүнү карап жатат.

XS
SM
MD
LG