Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Украина: Янукович Орусияда маалымат жыйынын өткөрөт


Бүгүн Виктор Янукович Украинанын президенттигинен кетирилген соң алгачкы маалыматы жыйынын өткөргөнү жатат. Маалымат жыйын Орусиянын түштүгүндөгү Ростов-на-Дону шаарында өтөт. Янукович бейшембиде украин элине кат жолдоп, өзүн дагы деле Украинанын мыйзамдуу президенти деп эсептерин билдирген.

Өз катында ал ошондой эле Орусиянын бийликтеринен «экстремисттерден» коргоп калууну суранганын да бышыктаган. Ал ортодо Майдандагы Януковичтин башкы каршылашы Арсений Яценюк өлкөнүн премьер-министри болуп бекитилди. Ал Янукович башкарган жылдары өлкөгө келген 37 миллиард доллар насыянын кайда жумшалганы белгисиз болуп жатканы жана 80 миллиард доллардан ашык каражат оффшордук эсептерге которулганын кошумчалады.

Эл аралык валюта кору Украинага каржылык көмөк көрсөтүүнү сүйлөшүү үчүн делегация жиберерин тастыктады.

XS
SM
MD
LG