Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

Сузакта "хизбутчу" деп шектелген алты адамдын иши тергелүүдө


Сузакта "Хизб-ут Тахрир" уюмуна мүчө деп шектелген алты адамдын иши тергелүүдө. Райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашкандай, жыл башынан бери кармалган алты адамга Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси боюнча иш козголгон.

Жогорку Сот ишмердүүлүгүнө тыюу салган "Хизб-ут Тахрир" уюмунун мүчөлөрү деп шектелип, каттоого алынган 184 адам Сузак районундагы Бек-Абад, Ырыс, Сузак айылдарында жашайт жана үгүт иштерин тымызын жүргүзөт. Алардын он тогузу аял, калганы эркек. Былтыр жашыруун бул уюмдун райондогу төрт мүчөсү түрдүү мөөнөттөргө соттолгон болчу. Бул тууралуу райондук милициядан кабарлашты. (YA)

XS
SM
MD
LG