Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Обама Сочидеги саммитти бойкоттошу мүмкүн


Вашингтон администрациясынын өкүлү Обама июнда Сочиде өтчү Чоң Сегиздин саммитин бойкоттошу мүмкүн деп билдирди.

Атын атабаган расмий адамдын айтымында, Орусия Украинанын Крым жарым аралына басып кирсе, АКШ, Британия, Франция, Италия жана Германия лидерлеринин бийик жолугушууга катышуусун элестетүү кыйын болот. "Администрация Орусия менен соода жана экономикалык алакаларды өрчүтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып же улантпоо маселесин караштырууда", - деди Ак үйдөгү булак.

Кечээ Обама журналисттердин Украинадагы кырдаал боюнча суроолоруна жооп берип жатып, “эгер Орусиянын аскерлеринин Украинанын аймагындагы кыймылы тастыкталса, бул Орусия тараптан Украинанын эгемендүүлүгүн сыйлайбыз деген кепилдигин бузгандыгы катары түшүндүрүлөт жана Орусия Украинанын аймагына аскерин киргизгендиги үчүн жооп берип калышы мүмкүн” деп айткан.

XS
SM
MD
LG