Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

"Чоң жети" Сочидеги жыйынга даярдыгын токтотту


Өнөр жайы өнүккөн чоң жети өлкөнүн лидерлери июнда Сочиде болот деп мерчемделген эл аралык саммитке катышууга даярдыгын токтотту. Мындай билдирүүнү "Чоң жетинин" лидерлери, Европа Кеңешинин төрагасы жана Еврокомиссиянын президентинин атынан 2-мартта Ак Үй жасады. Билдирүүдө Орусиянын Украинага аскер киргизүүсү "Чоң жетинин" жана "Чоң сегиздин" “принциптери менен баалуулуктарын бузганы" айтылат. Ошондой эле Киевдин экономикалык кризисти токтотуу үчүн Эл аралык валюта фонду менен сүйлөшүү аракетине колдоо айтылат.

"Чоң жетиге" АКШ, Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония кирет. "Чоң сегизге" бул жети мамлекет жана Орусия мүчө.

НАТОго мүчө 28 өлкөнүн элчилеринин 2-марттагы кезексиз чакырылган жыйынынан соң аталган уюмдун баш катчысы генерал Андерс Фог Расмуссен кабарчыларга:

- Биз Орусияны кырдаалды курчутууну токтотконго чакырабыз. Эл аралык милдеттенмелерин сыйлоого, аскерлерин өз базасына кайра алып кетүүгө жана Украинанын башка бөлүктөрүндөгү кырдаалга кийлигишүүдөн карманууга үндөйбүз, – деди.

XS
SM
MD
LG