Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:08

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси парламентте каралышы ыктымал


Бул тууралуу “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов билдирди. Анын айтымында, 5-мартта 47 депутаттын колу коюлган ишеним көрсөтпөө каты төрагага тапшырылды. Эми ал комитеттерде каралып, андан кийин парламенттин күн тартибине коюлуш керек. Конституциянын 85-беренесине ылайык, депутаттардын үчтөн биринин талабы менен өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин парламент карап, көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алат. Өкмөт өз кезегинде кол койду деген депутаттардын он төртү колун кайтарып алганын билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG