Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:24

Хиллари Клинтон Путинге байланыштуу сөзүнө тактык киргизди


Хиллари Клинтондун айтымында, ал 4-марттагы сөзүндө Орусия президенти Владимир Путин жана нацисттик Германиянын башчысы Адольф Гитлер колдонгон тактикалардын окшоштугун гана салыштырган. Клинтон айым 5-мартта Лос-Анжелесте сүйлөп, эки инсанды салыштырбаганын айтты. Бирок Орусиянын Украинадагы аракеттери "Германиянын 1930-жылдардагы билдирүүлөрүнө окшоп кетет" деди. Ошол эле учурда АКШнын мурдагы мамкатчысы Путин “териси жука катуу лидер” экенин кошумчалады.

Хиллари айым каражат чогултуу боюнча шейшемби күнү Калифорнияда өткөн жабык жыйында Путиндин Крымдагы акциясы "нацисттер заманында Гитлердин башка өлкөлөргө немис азчылыктарын коргойбуз деп басып киргенине окшоп кетет" деген эле. Хиллари Клинтон Демократтык партиядан 2016-жылкы президенттик шайлоого катышчу мүмкүн болчу талапкер деп саналат.

XS
SM
MD
LG