Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Түркияда Facebook менен YouTube жабылышы мүмкүн


Режеп Тайып Эрдоган мындай эскертүүнү ATV телеканалындагы интервьюсунда жасады. Эрдогандын пикиринде, анын саясий атаандаштары аталган сайттардын мүмкүнчүлүгүн кыянаттык менен колдонууда. Түрк премьеринин бул сөздөрү анын саясий жана бизнес өнөктөштөрү тартылган коррупциялык жаңжал чыккан кезде айтылды.

Өткөн аптада Эрдоган жана анын уулу ири суммадагы акчаны кантип жашырууну сүйлөшүп жаткан учур делген аудиотасма интернетте жарыяланган эле.

Аны жасалма деп атаган Эрдоган атаандаштары шайлоо алдында анын саясый беделине сокку урууну көздөп жатканын белгилеген.

30-мартта Түркияда чечүүчү жергиликтүү шайлоо өтөт. Бийлик сот системасына жана интернетке көзөмөлдү буга чейин эле күчөткөн эле. Түрк өкмөтүнүн бул багыттагы чаралары өлкө ичинде жана сыртта адам укуктарын чектөө катары сынга алынган. (UE)

XS
SM
MD
LG