Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:23

Өкмөт Улуттук банк менен чогуу билдирүү таратты


Анда 2014-жылдагы Кыргызстандын экономикалык саясаты тууралуу айтылып, негизги багыттары көрсөтүлгөн. Документке ылайык, өнүгүүнүн макроэкономикалык туруктуулугун камсыздоо жана сактоо, экономиканы туруктуу өнүктүрүү боюнча өкмөттүн планын ишке ашыруучу акча-насыя саясатын жүргүзүү, мамлекеттик инвестициялык саясатты, салык саясатынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, Эркин экономикалык аймак алкагында интеграциялык жараяндарды улантуу жана аймактарды өнүктүрүү үстүбүздөгү жылдын экономикалык саясатынын негизги багыттары болуп саналат.

Билдирүүдө айтылгандай, 2014-жылы Кумтөр, Макмал, Солтон-Сары, Тереккан алтын кендерин иштетүү уланат. Ошондой эле Бозымчак, Талдыбулак, Иштамберди алтын кендери боюнча долбоорлор ишке киришмекчи. Өкмөт андан тышкары Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү “Жунда” заводу жана Токмоктогу мунай иштетүүчү заводду ишке киргизүүнү көздөйт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG