Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:32

ӨКМ: Кар көчкү коркунучу сакталууда


Күндүн жылышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Мырзаке –Кара-Кулжа – Алайкуу жолунда, Каракол – Эңилчек жана Ала-Бука – Каныш-Кыя жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталып, кар күрткүсү күтүлөт. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-марттан 14-мартка чейин кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кар көчкү түшүрүлгөн аралыктарда Транспорт министрлигинин атайын техникасы иштөөдө, Бишкек – Ош жолунда унаа кыймылы кадимкидей жүрүүдө. Ал эми Мырзаке – Кара-Кулжа –Алайкуу унаа жолунда саат 18:00дөн 8:00гө чейин автомашиналардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө салынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG