Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Екатеринбургда мигранттар үчүн телефон кызматы ачылды


Орусиянын Екатеринбург шаарында “Улут аралык маалымат борборунун" алкагында телефондон жардам берүү кызматы ачылды. Ал КМШ өлкөлөрүнүн бардык жарандарына юридикалык жана укуктук жардам көрсөтүүгө багытталган. Каттоо, ишке кирүү боюнча тиешелүү документтерди толтуруу жана башка суроолор боюнча маалымат берилет. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын пресс-кызматы билдирди.

Кызмат кыргыз, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлөт. Кыргыз тилинде жардам көрсөтүү Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун жардамы менен ишке ашууда.

Расмий маалымат боюнча, Орусияда 570 миңдин тегерегинде кыргызстандык жаран эмгектенип жүрөт.

XS
SM
MD
LG