Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:46

Ош: Журналист оппозицияга байланыштуу милицияга чакырылды


Бүгүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Tushtuk.kg маалымат cайтынын кабарчысы Сүйөрбек Аманиллаевди кылмыш иликтөө бөлүмүнө чакырып, түшүнүк кат жаздырды. Бул тууралуу аталган маалымат сайтынын кабарчысы “Азаттыкка” билдирди. Аманиллаевдин айтымында, милиция менен анын ортосунда «оппозиция менен болгон байланыш» тууралуу сөз болду. Ал «Кесибиме байланыштуу оппозициядан да, бийликтен да маалымат алууга туура келет. Эч кандай жеке кызыкчылыктагы байланышым жок» деп түшүнүк кат жазып бергенин билдирди.

Ал эми Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков Аманиллаев Ошто өткөн оппозициянын митингдери боюнча күбө катары гана чакырылганын билдирди. Ага карата милициянын эч кандай доосу жок экенин айтты.

Сүйөрбек Аманиллаев буга чейин «Башат» телеканалында иштеген. Учурда Ош Гуманитардык-педагогикалык институтунун студенттик телеканалында жана www.tushtuk.kg маалымат сайтында иштеп келет. Окуя болгондон кийин аталган сайттын жетекчилиги өз кызматкеринин журналисттик этиканы сактап иштерин жазып чыкты. (YI)

XS
SM
MD
LG