Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

RWB интернет душмандарынын тизмесин жарыялады


Чек арасыз кабарчылар уюму (Reporters Without Borders) 12-мартта “Интернеттин душмандарынын" жылдык тизмесин жарыялады. Интернеттеги цензурага каршы Дүйнөлүк күндү туштай жарыяланган доклад “мекемелердин жана агенттиктердин он-лайн цензура жана байкоо жүргүзгөнүнө” астейдил көңүл бурат. Интернет эркиндигин такай бузуп жүргөн Беларус, Иран, Орусия, Түркмөнстан жана Өзбекстан мурдагыдай эле тизмеде калган.

Докладда интернеттин душмандары бүгүн “эзелтен сөз эркиндигин жана эркин маалымат алмашуусун жактап жүргөн демократиялар: АКШ, Британия жана Индияда да пайда болгону" белгиленет. Бул үч мамлекеттин кээ бир чалгындоо кызматтары, докладда айтылганга караганда, интернет эркиндигин муунтууда “Кытай, Орусия, Иран же Бахрейндеги өнөктөштөрүнөн айырмаланбай калган”.

XS
SM
MD
LG