Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Турсунбек Акун Москвада маалымат берүүдө


Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы, Адам укуктары боюнча Борбор Азия конгрессинин жетекчиси Турсунбек Акун ушул күндөрү Москвада иш сапарда жүрөт. Бул тууралуу бүгүн ал өзү "Азаттыкка" кабарлады. Айтымында, максаты - орусиялык маалымат каражаттарына Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, оппозицияга бийликтин жасаган мамилеси тууралуу айтып берүү.

Кечээ Турсунбек Акун РИА "Новости" агенттигинин кабарчылары менен жолукту. 15-мартка чейин ал Мамлекеттик Думанын айрым өкүлдөрү, элчилик, консулдук кызматкерлери менен жолугуп, Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын, түрмөгө түшүп калгандардын абалы, аларга укуктук жардам берүүнүн жолдорун талкууламакчы.

XS
SM
MD
LG