Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Кочкор-Атада мунайчылар митингге чыкты


Бүгүн Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызмунайгаз” ишканасынын кызматкерлери митингге чыкты. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, алар ишкананын жетекчилигине карата козголгон кылмыш ишти жабуу талабын койду. Жамаат өкүлдөрү “Кыргызмунайгаздын” жетекчилигине Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы атайылап иш козгогонун айтып, мунун себебин түшүндүрүүнү аталган мекемеден жана Мүлк фондунан талап кылды. Буга чейин “Кыргызмунайгаздын” жетекчилигине карата Жалал-Абаддагы “Петрофак” ишканасын сатып алууда салык жашырган деген берене боюнча да кылмыш иш козголгон болчу.(YA/BkA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG