Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Укук коргоочулар: Маалымат коопсуздугу камсыздалбай жатат


Мамлекет өзүнүн тышкы саясаты боюнча пикирин билдирүүдө жетиштүү маалыматтык колдоого ээ боло албай жатат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Укук коргоочулар кеңеши билдирүү таратты. Анда кыргыз Тышкы иштер министрлигинин Украина боюнча билдирүүсү бардык жергиликтүү телеканалдарда катуу сынга кабылып, бирок өкмөттүн бул позициясын колдоп, түшүндүрүп берген эч ким болбогону айтылат. Укук коргоочулар муну Кыргызстанда маалыматтык автономиянын жоктугунун кооптуу натыйжасы деп атоодо. Алар өлкө жетекчилигине кайрылып, "ички чыр-чатактарды козутуу максатындагы тышкы кийлигишүүдөн Кыргызстандын суверенитетин сактап калуу үчүн тез арада маалымат саясаты анализге алынышы керектигин" айтып чыкты.

Жакында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинанын мурдагы президенти Януковичтин билдирүүсүн сындап чыккан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG