Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

“Z-Эксплорердин” лицензиясы убактылуу токтотулат


Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевдин билдирүүсүнө караганда, жергиликтүү калк менен тил табыша албаганына байланыштуу лицензияны токтото туруу өтүнүчү менен “Z-Эксплорер” компаниясы өзү кайрылды:

-“Z-Эксплорер” компаниясы лицензияны убактылуу токтотуп бериңиздер деп кат менен кайрылды. Шаршемби күнү аны комиссиядан карайбыз.

Кадамжай районундагы Шамбесай алтын кенин иштетүүгө австралиялык “Z-Эксплорер” компаниясы лицензия алган. Бирок жергиликтүү калк Исфайрам дарыясына жакын жердеги кен иштетилсе, экологиялык зыяны чоң болот деп, кенди иштетүүгө каршы чыккан. Райондогу Кара-Жыгач, Майдан, Марказ айылдарынын тургундары өткөн жумада Марказ айылынан Кызыл-Кыя шаарына чейин жөө жүрүш жасашкан.

"Z-Эксплорердин" билдирүүсү боюнча, ал кендеги иштерди токтото туруу өтүнүчү менен кайрылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG