Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:23

Чек арада жаңжал чыгарган тажик жарандары жоопко тартылат


Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары, чек арадагы жаңжалдарды жөнгөрүү боюнча облустук штабдын жетекчиси Улан Рысбеков “Азаттыка” билдирди.

Анын айтымында, 14-март күнү Тажикстандын Кожо-Ало айылынын тургундары кыргыз жаранына тиешелүү автоунаанын айнегин талкалаган, ошол эле күнү Чорку айылынын балдары Кыргызстандын Көк-Таш айылынын окуучу кыздарын сабаган, 15-мартта Ворух анклавынын 5 тургуну Кыргызстандын аймагына өтүп, Ак-Сай айылынын бир тургунун уруп койгон.

Мындан улам чек арада эки тараптан эл топтолуп, жол буумай, таш ыргытмай катталган.

Кыргыз-тажик күч кызматтарынын эки тараптуу сүйлөшүүсүндө Тажикстан милиция кызматкерлери өз тарабынан жаңжал чыгышына себепчи жарандарга кылмыш иши козголгонун, чек арада чырга шыкакчы болгон 4 тажик жаранын Канибадам шаарына сурак үчүн алып кетишкенин билдирген. (JsA)

XS
SM
MD
LG