Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Кийинки премьер ким болот?


Ак үйдүн үстүндөгү мамлекеттик туу, 4-март, 2013-жыл
Ак үйдүн үстүндөгү мамлекеттик туу, 4-март, 2013-жыл

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция ыдырашы менен жаңы коалиция куроо, жаңы өкмөт тандоо маселеси чыкты.

“Ата Мекен” фракциясы кечээ чукул жыйынга чогулуп, коалициядан чыгуу боюнча чечим кабыл алып жаткан учуда башка фракциянын депутаттары шайлоочулар менен жолугуп, аймактарды кыдырып жүрүшкөн. Ошондуктан көпчүлүк депутаттар бул күтүүсүз чечимге аң-таң болуп жатышканын айтууда.

"Республика" жаңы коалицияга кирүүгө кызыкдар

Эми төрт жылдын ичинде төртүнчү жолу курала турган коалицияга кимдер кириши мүмкүн? Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөт мокоп калды деген "атамекенчи" Өмүрбек Текебаев буларга токтолду:

Текебаев: Өкмөт мокоп калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:26 0:00

- Кийинки коалицияга киребизби же кирбейбизби, биз билбейбиз. А балким, оппозицияда калабыз.

Буга чейин коалициялык азчылыктын курамындагы “Республика” фракциясы Сатыбалдиевдин командасы өлкөнү кризистен алып чыга албайт деген негизде өкмөттү кетирүүнү демилгелеп келген.

Фракция жетекчиси Назарали Ариповдун айтымында, өкмөт кеткен соң "республикачылар" үчүн парламенттик көпчүлүккө жол ачылды:

- Азыркы жаңы коалицияга кирүүгө даярбыз. Ал эми премьер-министрликке талапкер көрсөтүүнү азырынча ойлоно элекпиз.

“Ата-Журт” фракциясынын жетекчисинин орун басары Жылдыз Жолдошева бул маалыматты Ошто жүргөн жеринен угуптур:

Депутат Жылдыз Жолдошева
Депутат Жылдыз Жолдошева
- Биз азыр шайлоочулар менен жолугуп жүрөбүз. Бул жаңылыкты сизден биринчи угушум. Маселени фракцияда кеңешпей туруп, жооп бере албайм. Дүйшөмбүдө фракция чогулалы, анан көрөбүз. Биз киребизби, кирбейбизби, бул чоң маселе.

Баш мыйзамга ылайык, коалициялык көпчүлүк кайрадан куралгыча президент өкмөттүн милдетин аткаруучуну дайындайт.

Ал эми коалиция куралгандан кийин 15 күндүн ичинде парламент жаңы министрлер кабинетин шайлашы керек.

Жоомарт Оторбаев премьер болобу?

"Ар-намыстын" жетекчиси, депутат Феликс Кулов "Ата Мекен", "Ар-намыс" жана КСДПнын ортосунда чоң пикир келишпестик жоктугун айтып, коалиция кайра эле ушул үч фракциядан куралышы мүмкүндүгүн айтууда.

Айрым саясат талдоочулардын жана депутаттардын да ою ушундай. Мисалы, оппозициячыл эркин депутат Равшан Жээнбеков мурунку курамга дагы бир фракция кошулуусу мүмкүндүгүн боолголойт:

- Бул алдын-ала даярдалган спектакль. Режиссеру Атамбаев менен Текебаев. Булар абалдын кыйын экенин көрүштү. Эгер өкмөттү кетирип, элдин бугун чыгарбай турган болсок, анда абал оорлойт да, Кыргызстанда дестабилдүүлүк болуп кетет деп алдын-ала өкмөттү гана кетирип атышат. Коалиция ошол бойдон эле калат. Мүмкүн бирөөнү кошуп алышат. Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев болот. Бу кишинин “Ата Мекенден” деген эле аты бар, өзү Атамбаевдин кишиси.

Жоомарт Оторбаев
Жоомарт Оторбаев
Жоомарт Оторбаев “Ата Мекен” тарабынан көрсөтүлүп, биринчи вице-премьер-министрлик кызматты аркалап келген. Премьер болот имиш дегенге өзү так жооп берген жок:

- Бул деген Жогорку Кеңештин, коалициянын жоопкерчилиги. Мен эч нерсе деп айта албайм.

Ошентип бүгүн коалиция тарагандыгы тууралуу чечим президент Атамбаевдин колуна тийсе, андан ары коалицияны куроону президент 3 күндүн ичинде фракциялардын бирине тапшырат. Буга чейин мындай укук "Республикага" бир, КСДПга эки ирет берилген.

Эми парламенттик көпчүлүктү кайсы фракция курайт, ага кимдер кирет, өкмөт башчы ким болот, кайсы жаңы жүздөр министрликтерге келет, же мурдагылары эле калабы, алдыңкы күндөрү анык болчу маселе.

XS
SM
MD
LG