Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:51

Барак Обама Иран калкын Нооруз майрамы менен куттуктады


Куттуктоо сөзүндө Кошмо Штаттардын президенти ирандыктардын ядролук келишим түзүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, ал өзү дипломатия жолу менен барарын белгилеген. Ядролук келишимге жетишүү Ирандын өнүгүүсүнө жаңы жолдорду ачат, ошол кезде ага тынчтык багыттагы ядролук технологиядан пайдаланууга мүмкүнчүлүк калтырат деп белгилеген Барак Обама. Иран жана ири алты мамлекет апрель айында Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна чогулушат. Израиль президенти Шимон Перес да Иранды Нооруз менен куттуктап, Израилдин Иранга кол салуу максаты жок экенин билдирген. Ошол эле мезгилде Иран президенти Хасан Роухани Израил менен жарашуу максаты бар экенин айтпаганы үчүн нааразылыгын билдирген. Израиль Ирандын ядролук инфраструктурасына кол салуу мумкүнчүлүгүн четке какпай келатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG