Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Орусия Чыгыш Украинага бастырып кирбесин билдирди


Кошмо Штаттардын коргоо министри Чак Хейгел менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу бейшемби күнү телефон аркылуу сүйлөшүп, Шойгу Орусия Чыгыш Украинага бастырып кирбесин билдирген. Шойгу Украинанын чек арасына жакын жайгаштырылган аскерлер машыгуу үчүн чогултулганын, алардын Украинага кирүү максаты жок экенин маалымдаган. Өз кезегинде Хейгел Орусия Крымдагы кырдаал үчүн жооп берерин белгилеген. Ушул жумада Крым Орусиянын курамына кирди. Батыш өлкөлөрү аны мыйзамсыз деп аташууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG