Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Адам триллион жытты айырмалай алат


Америкалык окумуштуулар адам баласы бир триллионго жакын жытты аныктай алат деген бүтүмгө келди. Нью-Йорктогу Рокфеллер университетинин Нейрогенетика жана жүрүм-турум лабораториясы өткөргөн илимий тажрыйбага 26 адам катышып, аларга 128 жыттын молекулаларынан турган аралашма берилген. Экспериментке катышкан ар бир адамдын жытты аңдоо кудурети окшош болбогону менен орто эсеп менен алардын 51 пайызы жыттарды туура аныктаган. Ал аралашмадагы жыттар бөлүнүп алынгандан кийин саны бир триллионго жеткен. Изилдөөнүн авторлорунун бири Лезли Восшэлл бул анализ аркылуу "адам баласынын жытты аныктоо дарамети мурда күтүлгөндөн да күчтүү экени аныкталды" деди. Изилдөөнүн жыйынтыктары Science журналында жарыяланды.

XS
SM
MD
LG