Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Турсунбеков: Бардык фракциялар сүйлөшүүгө даяр


Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков. 02.3.2011.
Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков. 02.3.2011.
Учурда парламенттик көпчүлүктү куроо боюнча Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери менен түрдүү форматта жолугушуу, кеңешмелер өтүп жатат. Анын натыйжасы дүйшөмбү күнү билинип калат. Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Турсунбеков премьер-министрликке бир нече талапкер сунушталып жатканын айтты. Бирок алардын аттарын атаган жок.

Парламенттеги көпчүлүк 18-мартта “Ата Мекен” фракциясы коалициядан чыкканда таркаган. Президент Алмазбек Атамбаев жаңы коалиция куроо укугун КСДП фракциясына берген.

Баш мыйзамга ылайык, аталган фракция 15 күндүн ичинде көпчүлүк коалициясын курашы керек. (MTo)

XS
SM
MD
LG