Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Жогорку Сот Камчы Көлбаевдин ишин карайт


Камчы Көлбаев Биринчи май райсотунда, 18-апрель, 2013.
Камчы Көлбаев Биринчи май райсотунда, 18-апрель, 2013.
25-мартта Жогорку Сотто кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Камчы Көлбаевдин иши карала баштайт. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Былтыр Биринчи май райондук соту Камчы Көлбаевди "бирөөнү коркутуп, мүлкүн тартып алган" деген берене менен 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Андан соң Көлбаевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Жактоочунун арызынын негизинде шаардык сот Көлбаевдин жаза мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан. Мындай жазага макул болбогон Көлбаевдин жактоочусу төмөнкү баскычтагы соттордун чечимин адилетсиз атап, Жогорку Сотко кайрылган.

Камчы Көлбаев 2012-жылдан декабрында Араб Эмираттарынан Бишкекке алынып келген. Ал криминалдык лидер катары коомчулукка кеңири белгилүү, ал тургай АКШ аны дүйнөдөгү кооптуу баңги барондорунун тизмесине киргизген.(BkA)

XS
SM
MD
LG