Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:18

Иракта ондогон гезиттер журналисттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу чыккан жок


Ишемби күнүн Багдадда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Ирак кызматы – “Эркин Ирак” радиосунун бюро башчысы Мохаммед Бдайви Овайда ал-Шаммеринин киши колдуу болгондугуна нааразылык иретинде өлкөдө ондогон гезиттер жарыкка чыккан жок. Мындай демилгени Ирактын журналисттер союузу көтөрүп чыкты.

Ал-Шаммери Багдаддын Жадрия районунда президенттин резиденциясы жана башка кайтаруудагы, анын ичинде "Эркин Ирак” радиосунун кеңсеси турган жерде атылган.

Күбөлөрдүн айтымында, журналистти президенттин күзөт кызматынын офицери айтыша кеткенден кийин атып салган. Премьер-министр Нури ал-Малики маркум журналисттин үй-бүлөсү менен жолукканда кылмышкерди таап, сот жообуна тартууну убада кылды. Кечээ кечинде мамлекеттик телеканал кылмышка шектүү адам кармалганын көрсөттү.

XS
SM
MD
LG