Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:09

Арменияда ресторандагы өлүм боюнча өкүм чыкты


Аскер дарыгерин өлүмгө чейин токмоктогон алты адамга сот өкүмү чыкты. Алардын ар бири 12 жылга эркинен ажыратылып, 250 доллар айып пул төлөйт. "Харснакар" ресторанынын алты күзөтчүсү жана кызматкери Вахе Аветянды жана анын досторун былтыр жайында ур-токмокко алган. Аветян башына алган катуу жаратынан улам ооруканада эки жумадан кийин жан берген.

Бул окуя жүздөгөн адамдар катышкан чоң нааразылык акцияларына түрткү болгон. Армениянын башкаруучу партиясынын мурдагы мүчөсү, белгилүү ишкер жана ресторандын де-факто ээси Рубен Хайрапетян каза тапкан жарандын үй-бүлөсүнөн кечирим сурап, мандатынан баш тарткан

XS
SM
MD
LG