Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

ИИМ академиясы "ачык эшик" күнүн өткөрүүдө


Ички иштер министрлигинин Эргеш Алиев атындагы академиясы бүгүн "ачык эшик" күнүн өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Иш-чаранын максаты – коомчулукка академиянын ишин жакындан тааныштыруу, коомдук тартипти сактоого жаштарды чакыруу. Каалоочулар акцияга катышып, кызыккан суроолоруна жооп ала алат.

ИИМ Академиясы өлкөдө милиция кызматкерлерин даярдаган жалгыз окуу жай. Акыркы жылдары анын окутуучулары жана курсанттарына байланыштуу чырлар катталган. Мындан улам өкмөт жакында бул окуу жайды жалаң гана милиция эмес, бардык күч түзүмдөрүнүн академиясы кылып кайра түзүү боюнча долбоорду коомдук талкууга алып чыккан болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG