Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Жарандык активисттер зомбулукка каршы жүрүшкө чыкты


Бүгүн Бишкекте зордук-зомбулук, дискриминация жана жек көрүүчүлүккө каршы тынч жүрүш өттү. Аны Кыргызстандагы аялдар жана кыздарга карата зомбулукка каршы бир нече уюмдан турган "Бирге" кыймылы уюштурууда. Жибек Жол көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинен баштап Ак үйдүн алдына чейин өткөн тынч жүрүштүн катышуучулары депутаттарга кайрылуу жолдоду.

Ал кайрылууда кыз-келиндерге карата зомбулукту, ала качууну токтотуу, диний жана улут аралык кастыкка жол бербөө, адамдардын аң сезимин кылмышкерлерди жактоочу "эл эмне дейт" деген түшүнүктөн арылтуу зарылчылыгы жөнүндө айтылат.

Жарандык активисттер мындай акцияны ар бир айдын 25инде уюштуруп турууну мерчемдөөдө.

XS
SM
MD
LG