Мамлекеттик жогорку кызматта иштеген адамдарга тийиштүү компаниялардын тендерге катышуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлайт.
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына толуктоо киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору депутаттар Дастан Бекешов жана Ширин Айтматова тарабынан мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында иштелип чыккан.
Эгер ал парламенттин жалпы жыйынында колдоо таап, президент кол койсо, чоң кызматта иштеген кишилерге таандык компаниялар мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерлерге катыша албайт. (SE)