Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

Тогуз шайлоо округун түзүү каралууда


Кыргызстанда кийинки парламенттик шайлоо 2015-жылы болот.
Кыргызстанда кийинки парламенттик шайлоо 2015-жылы болот.

Кыргызстанда Шайлоо кодексине өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоору даярдалды. Ал кабыл алынса өлкөдө тогуз шайлоо округу түзүлөт. Жаңы мыйзам бөлүнүп-жарылууну күчөтөт деген пикирлер да бар.

Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешовдун айтымында, долбоор даярдалып бүтүп, коомдук талкууга алып чыгуу алдында турат. Коомдук талкуудан кийин парламенттин кароосуна сунушталат. Жаңы мыйзам долбоордун негизги өзгөчөлүгү тууралуу Бекешов буларды билдирди:
- Мындай болот, Кыргызстан тогуз округга бөлүнөт. Бишкек, Ош жана жети облус болуп. Ошол тогуз округда атайын партиялык тизме болот. Мисалы, бишкектиктер Бишкек боюнча түзүлгөн талапкерлер тизмесине добуш берет. Ошто болсо Оштун талапкерлерин тандайт.

Бекешовдун айтымында, мындай жол менен шайлоо болгондо белгисиз, кесипкөй эмес адамдардын парламентке келишине бөгөт коюлат.

Шайлоо округдарына бөлүү регионалдык бөлүп-жарылуучулукту күчөтөт деген пикирлер да айтылып жүрөт. Маселен, “Республика” фракциясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов ушундай ойдо:

- Эми азыр тогуз округка бөлүнүп калсак, бизде регионалдык партиялардын пайда болушуна, регион-региондордун кызыкчылыктарын биринчи орунга чыгара турган жагдай түзүлөт. Мамлекеттик көз караш менен караганда ушундай терс жактарын көрөм. А бирок дүйнөлүк тажрыйбада колдонулуп келген система.

Абдыжапар Бегматовдун айтымында, азыркы кезде өлкөнү тогуз округга бөлүүнү караштырган мыйзам долбоордон сырткары мурункудай эле республиканы бирдиктүү округ катары караган мыйзам иштеп турат. 2010-жылдан кийин Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизилип, парламентке өтүүнүн босогосу көтөрүлгөн. Ага ылайык, парламентке келиш үчүн партиялар мурункудай жалпы өлкөдөн 5% эмес 7%, региондордон 0,5% эмес, 0,7% добуш алыш керек.

Дастан Бекешов тогуз округга бөлүү регионалдык партиялардын пайда болушуна, регионализмдин күчөшүнө алып келет деген пикирлерге кошулбайт. Анткени шайлоого катыша турган партия ар бир округдан талапкерлеринин тизмесин даярдаш керек дейт.

Депутаттардан сырткары президенттик аппаратта да 2015-жылдагы шайлоону таза жана адилет өткөрүү боюнча маселе көтөрүлүп келет. Бул үчүн президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев башында турган жумушчу топ да түзүлгөн. Шайлоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү, БШКнын төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаеванын билдирүүсүнө караганда, алар көбүнчө шайлоочулардын тизмеси, добуш берүү бекеттерин жаңы технология менен жабдуу маселелерин талкуулап жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариев тогуз округга бөлүү системаны өзгөртүүгө алып келбейт деп эсептейт:


- Бул Жогорку Кеңеште бири-бири менен жүрүп жаткан соодадан келип чыккан нерсе дейм. Анткени, баарыңыздар билесиздер, ар кайсы жердин өкүлчүлүктөрү, ар кайсы партиялардын өкүлдөрү парламентте отурат. Мына ошолордун ортосундагы соода. Сунушталып жаткан долбоордо талапкерлердин тизмеси аймактардан түзүлгөнү менен акыркы чечимди партиянын лидери кабыл алып жатат. Ошондуктан система өзгөрөбү? Менин оюмча, эч кандай өзгөрбөйт.

Кыргызстанда келерки жылы парламенттик шайлоо болот. Ошондуктан ал шайлоону кандай тартип жана жол менен өткөрүү күн тартибине бекем коюлган маселелерден болуп келатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG