Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Казакстандык журналист Украинага качты


Казакстандык журналист Наталья Садыкова үй-бүлөсү менен кошо мекенинен качууга аргасыз болгонун, ушу тапта Украинада баш калкалап жүргөнүн билдирди. Марттын ортосунда Актөбө шаарынын соту ага издөө жарыялап, камакка алуу чечимин чыгарган.

Журналист "Азаттыктын" казак редакциясына айтып бергенине караганда, ал оппозициялык порталдардын биринде жарык көргөн макалага байланыштуу суракка тартылган. Мурдагы депутат Марат Итегулов Бакыт Илиясованын атынан жазылган макаланын авторун жалган маалымат таратты деп сотко берген.

Тергөөчүлөр макала Садыковага таандык деп шектенүүдө. Бирок журналист ага эч кандай тиешеси жоктугун айтууда.

XS
SM
MD
LG