Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Кикбоксер Руслан Абасов жардыруудан каза тапканы кабарланды


Руслан Абасов (оңдо) таймашта. Сүрөт качан жана кайсы жерде тартылганы белгисиз.
Руслан Абасов (оңдо) таймашта. Сүрөт качан жана кайсы жерде тартылганы белгисиз.
Бүгүн кечке жуук Токмок шаарында кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Руслан Абасов каза тапты. Милиция анын машинеси атайлап жардырылганын божомолдоп жатат. Мунун алдында бул кырсыктан спортчу жана жубайы оор жараат алганы кабарланган эле. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, көп өтпөй Абасов өзүнө келбей каза болду. Жубайы оор абалда ооруканада жатат. Иликтөө иштери уланууда.

Маалыматка ылайык, кылмыш криминалдык топтор тарабынан атайын жасалган болушу мүмкүн. Абасов кикбокс боюнча Азия жана Европа мамлекеттеринде бир канча жолу мелдешке чыгып, 2005-жылы WBKF версиясы боюнча дүйнө чемпиону болгон.

XS
SM
MD
LG