Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:49

Оторбаев: «Манасты» сатуу маселеси чечиле элек


Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев социал-демократтар фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, «Манас» аба майданын иштетүү боюнча 8 чет элдик компаниядан сунуш түшкөн. Алардын бири орусиялык “Роснефть”. Оторбаев “Роснефть” менен кызматташуу боюнча меморандум гана түзүлгөнүн, анын сатуу боюнча юридикалык күчү жок экенин кошумчалады.

- “Манас” аба майданы боюнча өкмөт чечим кабыл ала элек. Бул стратегиялык ишкана. Ал боюнча чечим кабыл алыш үчүн парламенттин макулдугун алуубуз керек, - деп билдирди Оторбаев.

Бейшембиде президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү телеканалдарга маегинде “Манас” боюнча чечим кабыл алына электигин тастыктаган. Бирок президент аэропортту өнүктүрүү үчүн арзан күйүүчү май бере турган инвестор керектигин белгилеп, андай ишкана учурда Орусиянын “Роснефти” экенин билдирген.

Буга чейин “Манас” аба майданынын 51 пайыз акциясы орус ишканасына сатылып кетиши мүмкүндүгүнөн чочулаган жарандык активисттер өкмөт үйүнүн алдына каршылык акциясына чыккан болчу. (BkA/ZB)

XS
SM
MD
LG