Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Социал-демократтар өкмөт башчылыкка Оторбаевди көрсөттү


Мындай чечимди аталган фракция бүгүнкү жыйынында кабыл алды. Социал-демократтар Оторбаевге суроо берип, анын өлкөнү өнүктүрүү боюнча пикирин укту. Жоомарт Оторбаев өкмөт башчы болуп калса кадр маселесине өзгөчө көңүл бурарын билдирди.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков коалиция түзүү боюнча сүйлөшүү уланып жатканын, жыйынтыгы бир-эки күн ичинде билинип каларын айтты. Анын маалымдашынча, сүйлөшүлгөн фракциялар ичинен “Ата Мекен” гана өзүнүн так позициясын жарыялады.

Буга чейин “Ата Мекен”, “Ар-Намыс” жана “Ата-Журт” фракциялары коалицияга кирүү ниетин билдирген. Ал эми “Республика” өкмөт башчы жумшак рейтинг менен тандалса гана коалицияга кошуларын айтууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG