Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды


Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана Өкмөт үйүнүн жанында митинг, пикет өткөрүүгө убактылуу тыюу салды. Соттун чечимине ылайык, 31-марттан 1-майга чейин аталган жерлерде түрдүү акцияларды өткөрүү мүмкүн эмес. Акцияларды Максим Горький атындагы аянтчада гана өткөрүүгө уруксат берилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Мындай чечим Биринчи Май райондук администрациясынын арызынын негизинде кабыл алынды. Маалыматта айтылгандай, Апрель окуясынын 4 жылдыгына даярдык жүргүзүү, коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында акцияларга убактылуу чектөө киргизилди.

Бүгүн айрым оппозициялык топтор Ала-Тоо аянтында Кумтөр жана башка кендерди мамлекетке кайтаруу, “Люстрация жөнүндө” мыйзамды кабыл алуу талаптары менен курултай өткөрмөк. Бирок милициядан уруксат алынган эместигине байланыштуу ал башка күнгө жылдырылган. (SE)

XS
SM
MD
LG