Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:57

Дин комиссиясы: Жалал-Абадда “хизбутчулар” көбөйдү


Жалал-Абад облусунда “Хизб-ут Тахрир” уюмунун өкүлдөрү көбөйүүдө. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймагы боюнча өкүлү Курбаналы Узаков билдирди.

Ушул тапта аймакта аталган уюмдун 515 мүчөсү бар. Облустук ички иштер башкармалыгы үч айда "хизбутчу" деген шек менен кармалган адамдарга 16 кылмыш ишин козгогон.

УКМК Сирияда жалалабаддык 18 адам жүргөнүн маалымдады. Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Сирияга аттанган беш киши жихадка баруудан баш тартып, ал жакта жүргөн эки адам кайтып келген. (YA)

XS
SM
MD
LG