Парламентте куралган жаңы коалиция “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” деп аталды. КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков билдиргендей, 1-апрель күнү Жогорку Кеңеште кезексиз сессия чакырылып, жаңы коалиция түзүлгөнү расмий жарыяланат.
Парламентте бүгүн түзүлгөн башкаруучу коалицияга КСДПнын 25, “Ата Мекендин” 16 жана “Ар-Намыстын” 24 мүчөсү, бардыгы болуп 75 депутат кирди. Фракциялардын лидерлери бүгүн жаңы коалиция боюнча келишимге кол коюшту.
Ошентип, “Ата-Журт” менен “Республика” оппозицияда калды. 26 "атажуртчу" менен 16 "республикачыны" эсептегенде азчылыкта 42 депутат калууда.
Кыргызстандын парламентинде 120 депутат бар. Алардын 13ү фракциялардан чыгып, өз-өзүнчө топторго биригип алган.
Буга чейинки коалицияда да, оппозицияда да ушул курамдагы фракциялар болчу.
18-мартта таркаган мурдагы коалиция “Ырыс алды - ынтымак” деп аталчу.
(SE\ZB)