Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

Жемилев БУУну Крымга аскер жөнөтүүгө чакырды


Крым татарларынын карыя лидери Мустафа Жемилев БУУнун Коопсуздук Кеңешин Крымга тынчтык аскерлерин жөнөтүүгө үндөдү. Бул жөнүндө Жемилев “Америка абазы” радиосуна Коопсуздук Кеңешинин бейрасмий жыйынынан соң берген интервьюда айтты:

- Бизди болуп кетчү окуялар кооптондурат. Ошон үчүн Улуттар уюмунун тынчтык күчтөрүн киргизүүнү сурадык. Бирок бул маселени БУУнун Коопсуздук Кеңеши чечкендиктен, Орусия вето уугун колдонуп, аны өткөрбөйт. Экинчи сунуш - Косово сыяктуу НАТОнун аскерлерин жөнөтүү. Бирок НАТО мындай кадамга кан көп төгүлгөндө гана барат,- деди Жемилев.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинде 31-мартта болгон бейрасмий жыйын Литванын демилгеси боюнча өттү. Орусия Коопсуздук Кеңешиндеги жыйынга бойкот жарыялап, катышкан жок жана Коопсуздук Кеңешинин жыйыны окуяга калыс баа бергендин ордуна “бир жактуу пропагандага минбар (трибуна) болуп берди” деп билдирди. Буга Литванын орун басар элчиси Рита Казрагиен айым Коопсуздук Кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү Крымды Украинага таандык деп билерин айтып жооп берди.

XS
SM
MD
LG