Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

Бишкекте Апрель окуясы боюнча илимий талкуу өтөт


Бишкекте бүгүн окумуштуулар тобу 2010-жылдагы 7-апрель окуясынын сабактарын талкуулайт. Аны “Элдик демилге борбору” уюму уюштуруп жатат.
Илимий талкууга жогорку окуу жайлардагы окумуштуулар, Апрель окуясына катышкан жарандар келип, көтөрүлүштүн себептерине жана кесепеттерине илимий жактан баа берет.

Талкуу Ишеналы Арабаев атындагы университетте өтөт. Уюштуруучулар маалымдашкандай, иш-чара бейшемби күнү ушул өңүттөгү илимий конференция менен уланат.

2010-жылдын апрелинде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине эл каршы чыгып, Ак үйдүн жанында 90го жакын жаран окко учкан. (SE)

XS
SM
MD
LG