Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Чилиде зилзаладан кийин топон суу коркунучу сакталууда


Түштүк Америкада Чилинин түндүгүндөгү сегиз баллдык жер титирөөдөн беш адам набыт кетти. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлады. Бүгүн таңга маал Чилиде зилзала катталып, тургундар коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Аны менен бирге цунами коркунучуна байланыштуу Тынч мухиттин жээгиндеги конуштарды эвакуациялоо башталды. Миңдеген чилиликтер жарыксыз калды. Президент Мишел Бачеле бүгүн зилзаладан жабыркаган аймакка барат.

XS
SM
MD
LG