Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Дукенбаев: "Фридом хаус" ЛГБТ үчүн жыйын өткөргөн эмес


“Фридом хаус” уюму Ош шаарында ЛГБТ өкүлдөрү үчүн жыйын уюштурган эмес. Жергиликтүү жаштар тобу аларды кумсаларды пропагандалап жатат деп күнөөлөгөнү негизсиз. Бул тууралуу “Фридом Хаустун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн долбоорлор боюнча директору Аскат Дукенбаев билдирди. Анын айтымында, бүгүнгө пландалган чогулуш Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында мындан ары адам укуктары жаатында ишке аша турган долбоорлорду талкуулоо максатында уюштурулуп жаткан болчу. Ага уюм менен иштешип келаткан жарандык активисттер чакырылган.

Чогулуш “Ош нуру” мейманканасында башталар алдында бир топ жаштар жана аялдар келип, аны өткөрүүгө тоскоолдук кылышкан. Милиция кызматкерлери коопсуздукка жооп бере албай турганын айткан соң алар жыйынды “Интербилим” уюмунун офисинде улантмай болушкан. Бирок жаштар тобу каршылыкты ал жака барып да уланткан соң чогулуш токтотулган.

Оштогу жаш активист Сонунбек Жунусбаев мурдараак кумсаларды колдогон семинар болуп жатканы үчүн жаштар тобу каршылык акциясына чыкканын “Азаттыкка” кабарлаган болчу.

“Фридом хаус” адам укуктарын коргоо жаатында иш алып барат. Уюм кызматкерлери белгилегендей, алардын иш планында ЛГБТ өкүлдөрүн коргогон программа да бар. Бирок азырынча уюм кумсалардын укуктары боюнча Бишкек шаарында гана иш-чараларды уюштурууда. (SE)

XS
SM
MD
LG