Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Керри: Энергетика саясый курал катары колдонулбашы керек


Американын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын Украинага сатылчу газ баасын кымбаттатканын сынга алды. Мамкатчы энергетика менен газ саясий курал катары колдонулбашы керек деп Брюсселде билдирди.

Бүгүн Европанын тышкы саясат боюнча жетекчиси Кэтрин Эштон жана Европанын энергетика боюнча комиссары Гүнтер Эттингер менен жолугушуу маалында Керри жетиштүү көлөмдөгү кубаттуулук экономикага, коопсуздукка жана Европа менен АКШ элдеринин жыргалчылыгына "маанилүү" экенин белгиледи. Учурда Украинага Польша жана Венгриядан Словакия аркылуу газ жеткирүү маселеси каралып жатканын Американын мамкатчысы кошумчалады.

XS
SM
MD
LG