Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Карамушкина Талиевага: Же динди, же мамкызматты тандаңыз


Депутат Ирина Карамушкина маданият, маалымат жана туризм министр кызматына талапкер Камила Талиеваны так аныкталып, же динге, же мамлекетке кызмат кылуунун бирин тандап алууга чакырды. Бүгүн ал парламентте сүйлөп жатып буга чейин Талиева вице-премьер болуп турганда айрым министрлик кызматкерлери арызданганын айтты. Аларды Талиева намаз окуп жаткандыктан кабылдамада күттүрүп койгон учурлар болгонун билдирди.

Камила Талиева ага жооп берип, беш маал намазын үйдөн окуурун, иш графигин эч убакта бузбаганын айтты.

Ал эми премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев мындай маселеге байланыштуу иш Конституция нормаларына жараша жүргүзүлөөрүн билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG