Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

Мектептеги парламент мүчөлөрү ЖК депутаттары менен жолугууда


Ош жана Нарын облустарынын мектеп парламенттеринин өкүлдөрү бүгүн Жогорку Кеӊештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин мүчөлөрү менен жолугушат. Түштөн кийин өтө турган жолугушууда окуучулар өз иши, жетишкендиктери тууралуу айтып берет жана мектеп парламенти жөнүндө тасма көрсөтүшөт.

Ага Хан фондунун байланыш менеджери Мээрим Орозобекованын айтымында, жолугушууга Европа Биримдигинин, AKDN жана MSDSP KG уюмдарынын өкүлдөрү да катышат.

Иш-чара Европа Биримдиги каржылаган жана Ага Хан фондунун «Тоолуу аймактардагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасы» тарабынан ишке ашырылган «Мектеп парламенти» долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат. Ал Ош жана Нарын облустарындагы 5 райондун бардык 177 орто мектебиндеги 7-11-класстардын 62 000 окуучусун камтыйт. Жалпы суммасы жарым миллион евро. (RK)

XS
SM
MD
LG