Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:25

Апрель окуясы боюнча сотко жабыркаган тарап келген жок


Соттун отуруму бүгүн болбой калышына жабыркаган тараптын адвокаты Осунбек Жамансариевдин келбей калышы себеп болду. “Мекен шейиттери” уюмунун жетекчиси Осунбек Жамансариевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн жабыркаган тарап жарыш сөзгө чыкмак. Бирок алар даярданууга дагы убакыт сурап жатат.

Өткөн аптада сот отурумунда прокуратура мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон бир нече мурдагы бийлик өкүлүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуудан баштап 10 жылга чейин кесүүнү сунуштаган. Ал эми “Альфа” жана Мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлерин "адам өлтүрүү" беренеси боюнча актоону сураган. Прокуратуранын мындай чечимине Апрель окуясында жабыркагандардын жакындары нааразы болуп, сотко катышуудан баш тарткан.

2010-жылы 7-апрелде Ак үйдүн алдында 90го жакын адамдын атылышы боюнча 28 кишиге айып тагылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG