Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Малы өзбек тарапта калган жаранга жардам берилет


Аксы районунун акими Медет Айдаралиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, 7 баш бодо малы Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен Терс айылынын тургуну Абдыкерим Молошевдин жашоо шартын текшерүү үчүн атайын райондук комиссия түзүлдү. Комиссия анын муктаждыгына жараша жардам берүү жана Айылбанктан мурда алган кредитинин мөөнөтүн узартып берүү жагын карашы мүмкүн. Жолошевдин малын кайтарып алуу боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүү мүмкүн болбой жатат.

24-мартта Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Терс айылынын тургуну Абдыкерим Молошевдин 7 баш бодо малы өзбек тарапка өтүп кеткен. Жолошев малды өзбек чек арачылары айдап кетти деп кечээ нааразылык акцияга чыккан.

Чек арадан өтүп кеткен малды өзбек тарап контрабанда деп, соттун чечими менен өз Бажы кызматына өткөрүп салган. (AzK)

XS
SM
MD
LG