Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

HRW: Кыргызстан адам укугун коргоо жаатында бир кадам артка чегинди


"Хьюман Райтс Уотч" уюму Кыргызстан адам укугун сактоо жаатында чегинүүлөрдү токтотуп, сөз эркиндиги, тынч жыйынга чогулуу укугун коргоо үчүн чара көрүүсү керектигин билдирди.

- Кыргызстан өзүн адам укугу жаатында регионалдык лидер атаганы менен соңку окуялар адам укугун сактоодогу милдеттенмелерге каршы келүүдө, - деди "Хьюман Райтс Уотч уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

Ал гомосексуалдык жана ЛГБТ темасында маалымат тараткандарды кылмыш жана административдик жазага тартуу боюнча парламенттин мыйзам долбоорун, былтыр сунушталган чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам долбоорун, Бишкекте райондук соттун Ала-Тоо аянтында көчө иш-чараларын уюштурууга тыюу салган чечимин сындады.

"Хьюман Райтс Уотч" уюму жакында Ошто "Фридом Хаус" укук коргоочу уюмунун өкүлдөрү куугунтукка кабылганын, “Бир дүйнө” кинофестивалында мусулман кумса тууралуу документалдык тасма көрсөткөнү үчүн укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова басымга кабылганын, жарандык активист Илья Лукаштын Майдандагы украиналыктар менен тилектештигин билдиргени үчүн коркутууларга дуушар болгонун айтып, кыргыз бийлиги мындай абалды токтотуп, туура багытка бет алуусу керектигин белгиледи. (AzK)

XS
SM
MD
LG